ЖАПАЛАК II: ЖАПАЛАК АРЧА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жерге жабыша жалпайып чачырап өсүүчү арчанын бир түрү. Чоно зоонун башындагы жапалак арчанын арасына жашырынып жатып, таштын үстүндөгү жалгыз кийикти кароолго алган (Каимов). Тууганбайдын муруту дырдыйып чыйратылып турбастан, жапалак арчадан бетер эриндин үстүнө жабыша өскөн (Каимов).